Рахимов: ШКУ дүйнөдөгү эң ири жана натыйжалуу аймактык уюмдардын бири болуп калды

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) түзүлгөндөн бери олуттуу институционалдык өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүп, дүйнөдөгү эң ири жана натыйжалуу аймактык уюмдардын бирине айланды. Бул тууралуу Өзбекстан Илимдер академиясынын Жаңы тарых борборунун бөлүм башчысы Мирзохид Рахимов ЖМК жана аналитикалык борборлордун форумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда ШКУнун курамында 10 мүчө мамлекет, ошондой эле 16 өнөктөш жана байкоочу өлкө бар. Уюм аймактык гана эмес, дүйнөлүк масштабда да маанилүү роль ойной баштады.

"ШКУ өлкөлөрү Улуу Жибек жолу менен байланышкан бай тарыхый жана цивилизациялык мураска ээ. Бүгүнкү күндө билим берүү, маданият жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлор ошол кызматташтыктын уландысы болуп саналат", — деди Рахимов.

Ал Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы акыркы жылдары кыйла кеңейгенин белгиледи. Анын айтымында, эки тараптуу соода жүгүртүү 50 миллион доллардан 106 миллиард долларга чейин өсүп, байланыштардын жаңы деңгээлин көрсөттү.

Рахимов ошондой эле "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагындагы транспорттук жана коммуникациялык долбоорлор Кытай, Борбор Азия жана Европа, ошондой эле Батыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдеп жатканын айтты.

Ал азыркы учурда ШКУ өлкөлөрү дүйнөлүк жана аймактык чакырыктарга туш болуп жатканын белгилеп, мындай шартта мамлекеттер ортосундагы тыгыз координация жана тажрыйба алмашуу маанилүү экенин билдирди.

"Борбор Азия өлкөлөрү башка мамлекеттердин тажрыйбасынан, анын ичинде башкаруу системасы, технологиялык өнүгүү жана жашыл саясат багыттарында көп нерсени үйрөнө алат", — деди өзбекстандык эксперт.

Рахимов ШКУ алкагында мындан ары да биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, уюмдун негизги багыты ар түрдүү цивилизациялардын биримдигин камсыз кылган кызматташтык болушу керектигин кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө комплекстүү өнөктөштүк талап кылынууда. ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен изилдөөлөрү жана тажрыйба алмашуусу өз ара түшүнүшүүнү жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт", — деп жыйынтыктады сөзүн Рахимов.