Путин менен Трамп телефон аркылуу бир сааттай сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

Дүйнө Загрузка... 04 Июль 2025 11:44
WhatsApp Image 2025-07-04 at 09.53.02.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын бейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Интерфакс Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин маалымдады.

Путин менен Трамп телефон аркылуу бир сааттай сүйлөшкөн. 14-июнда өлкө башчыларынын сүйлөшүүсү да бир саатка созулган болчу.

Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп Украинадагы, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана орус-америка мамилесин талкуулады.

Украина маселесин кароо учурунда Трамп аскердик аракеттерди тез арада токтотуу керектигин белгилеген. Путин өз кезегинде Россия Украина менен сүйлөшүү процессин улантууга даяр экендигин айткан. Ошондой эле ал украиналык кризистин баштапкы себептерин чечүү зарылдыгын белгилеген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Украинага АКШдан курал-жаракты жеткирүүнү токтотуу темасы козголгон эмес.

Путин менен Трамп Ирандагы, жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды да карашты. Ушаковдун пикиринде, сүйлөшүүдө орус тарап талаштуу маселелерди жөнгө салуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай кырдаалдар саясий-дипломатиялык каражаттар аркылуу гана чечилиши керектигин айткан.

Мындан тышкары, президенттер Сириядагы окуялардын өнүгүшүн да сөз кылышып, бул багытта орус жана америка тарап диалогду улантарын кошумчалашкан.

“Ошол эле маалда президенттер орус-америка мамилесин да талкуулап, энергетикада экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана космосту изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти”, - деди Ушаков.

Россия президентинин жардамчысы кошумчалагандай, президенттер жакынкы убактарда дагы сүйлөшүүлөрдү улантат.