Путин: БУУ жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүдө борбордук ролун сакташы керек

ШКУ 1 сентябрь 2026 18:47
Путин: БУУ жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүдө борбордук ролун сакташы керек
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму эл аралык мамилелердеги борбордук ролун сактап, мамлекеттердин кызыкчылыктарын макулдаштыруунун негизги механизми бойдон калууга тийиш. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда билдирди.

Россиянын лидери дүйнөдө түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, жаңы, адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнөлүк тартиптин калыптанышы объективдүү жана кайтарылгыс мүнөзгө ээ экенин айтты.

“Көптөгөн мамлекеттер өз тагдырын өз алдынча аныктоого, мыйзамдуу кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоого жана эл аралык турмушка жигердүү катышууга умтулууда”, — деди Путин.

Ал БУУнун мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланыла электигин белгилеп, дүйнөлүк саясаттын жана экономиканын заманбап шарттарын эске алуу менен уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чакырды. Атап айтканда, Путин БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги өкүлчүлүктү Глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүнүн эсебинен кеңейтүүнү жактады.

Россиянын президенти БУУнун уставы мындан ары да эл аралык укуктун негизги булагы бойдон калууга тийиш экенин белгилеп, уюм бир мамлекеттин же мамлекеттер тобунун кызыкчылыктарын илгерилетүүчү куралга айланбашы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууда аймактык уюмдардын ролу чоң экенин айтып, Шанхай кызматташтык уюму да жаңы дүйнөлүк түзүлүшкө толук шайкеш келерин кошумчалады.