Пусан аэропортунда учакта өрт чыгып, 170тен ашык киши эвакуацияланды

Дүйнө 29 январь 2025 11:17
WhatsApp Image 2025-01-29 at 08.05.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-29 at 08.05.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-29 at 08.05.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-29 at 08.05.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Түштүк Кореянын Пусан эл аралык аэропортунда учак өрттөнүп, 170тен ашуун жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү эвакуацияланды. Бул тууралуу “Йонхап” маалымат агенттиги жазды.

Агенттик билдиргендей, өрт күн мурун кечинде Гонконгго уча турган Air Busan авиалайнеринин бортунан чыккан. Өрт учактын куйругунан башталып, андан соң өрт фюзеляжга өткөн.

Өрт учурунда лайнердин бортунда 169 жүргүнчү жана жети экипаж мүчөсү болгон. Алардын бардыгы үйлөмө тепкич аркылуу тез арада эвакуацияланган. Окуянын кесепетинен жабыркагандар болгон жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.