“ПСЖ” Чемпиондор лигасын экинчи жыл катары менен жеңди

Дүйнө Загрузка... 01 Июнь 2026 08:50
91f8c8d4-294d-474e-a0e7-ed05163b0eb5.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.06.26 /Кабар/. Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубу Англиянын "Арсенал" командасын финалда жеңип, Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү аталды. Париждик клуб бул турнирди экинчи жыл катары менен утуп алганын РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, финалдык беттеш Будапешт шаарындагы "Пушкаш Арена" стадионунда өттү. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады. "Арсеналдын" курамында Кай Хаверц 6-мүнөттө эсеп ачса, "ПСЖ" үчүн Усман Дембеле 65-мүнөттө пенальтиден гол киргизди.

Кошумча убакытта командалар гол киргизе алышкан жок. Ал эми пенальтилер сериясында "ПСЖнын" оюнчулары так ойноп, 4:3 эсебинде жеңишке жетишти.

Муну менен "ПСЖ" өз тарыхында Чемпиондор лигасын экинчи жолу утту. Буга чейинки сезондо париждиктер финалда Италиянын "Интер" клубун 5:0 эсебинде ири айырма менен жеңген болчу.

Ошентип, "ПСЖ" 1992-93-жылдан берки азыркы форматтагы Чемпиондор лигасында эки сезон катары менен чемпион болгон экинчи клуб болуп калды. Буга чейин мындай жетишкендикке "Реал Мадрид" гана жетишип, 2016, 2017 жана 2018-жылдары катары менен үч жолу жеңишке жеткен.

Ал эми "Арсенал" өз тарыхында экинчи жолу Чемпиондор лигасынын күмүш байге ээси болуп калды.