Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда камакта жаткан күйөөсү жана туугандары боюнча кайрылган аялдын маселесине жооп берди.
Беш баланын энеси жолдошу жана жакын туугандары 17-октябрда көчөдө орун алган прокурор кызматкери менен жол талаштан соң камакка алынганын билдирип, алар кайнагасынын жаназасына да катыша албай калышканын айтты. Беш баласынын бири мүмкүнчүлүгү чектелген 38 жаштагы аял мамлекет башчысынан бул маселени кароону жана жардам берүүнү суранды.
Маалым болгондой, аялдын жолдошу жана туугандары менен прокурордун ортосунда жол талашуудан улам жаңжал чыккан. Андан кийин прокурорду жана анын жубайын сабаганга шектелип үч адам камакка алынган.
Садыр Жапаров окуянын эки тарабын тең угуу керектигин белгиледи.
"Экинчи тарапты да угуш керек. Бирок прокурор мамлекеттик кызматкер катары окуяны ошол жерден эле сүйлөшүү жолу менен чечсе болмок", — деди президент.
Мамлекет башчысы прокурордун жана анын аялынын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилбегени аныкталса, камактагыларды бошотуу маселесин кароону сунуштады.
Ошондой эле Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын жетекчилигине ишти көзөмөлгө алып, эки тарапты элдештирип, маселени жарашуу жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.