Бакай-Атадагы 71 гектар жер: Президент ИИМге маалыматты текшерүүнү тапшырды

Аймак
Бакай-Атадагы 71 гектар жер: Президент ИИМге маалыматты текшерүүнү тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда Ички иштер министрлигине Бакай-Ата районундагы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жерлер тууралуу маалыматты текшерүүнү тапшырды.

Жолугушууда Бакай-Ата айылынын тургуну Бакмурат аттуу жаран райондогу жер маселеси көп жылдан бери толук чечилбей келе жатканын айтып, айрым жарандар эки айыл өкмөттөн тең жер үлүшүн алышканын билдирди.

Анын айтымында, 2006-жылы каза болгон Пакиченко аттуу жаранга 2018-жылы айыл өкмөттүн токтому чыгып, Мамлекеттик каттоо органынын жетекчисинин катышуусунда мамлекеттик акт берилип, жер каттоодон өткөрүлгөн. Кийинчерек бир гектар жер 350 миң сомго сатылган.

"Кыскасы 71 гектар мамлекеттин жери бүгүн күнгө чейин ар кимдин жеке менчигинде мыйзамсыз жолдор менен жүрөт. Айрым жер тилкелери бир жана үч гектардан бөлүнүп берилген",- деди жергиликтүү тургун.

Буга жооп катары президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине айтылган фактыларды текшерүүнү тапшырды.

"Жер маселеси боюнча бир жаран эки айыл өкмөттөн жер алган деген фактылар барбы? Сатып алса, башка маселе. Тапшырма бериңиз, барып текшерип чыксын. Эгерде бир эле жаран эки айыл өкмөттөн эки жер алган болсо, иш козголушу керек. Эгерде сатып алган болсо, анда башка маселе. Бир айыл өкмөттөн өзүнүн жерин алып, экинчисинен сатып алса, анда маселе башкача. Көзөмөлгө алгыла", - деди мамлекет башчысы.