Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Жети жылдын ичинде ишке ашырылган сот системасындагы реформалар менен пробация иштери учурда жакшы натыйжасын берүүдө. Мындан эки жыл мурун өлкөнүн пробация системасы эл аралык коомчулук тарабынан жогорку баага татыган. Бул тууралуу “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” (JUST4ALL) эл аралык долбоорунун жыйынында Пробация департаментинин директору Данияр Калматов билдирди.
Анын айтымында, жогоруда аталган иштер өлкө башчысынын демилгеси жана Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.
Ал эми аны ишке ашырган тараптар – Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Людвиг Больцман атындагы адам укуктары институту.
“Бул аралыкта материалдык-техникалык база чыңдалып, кылмыштардын бирдиктүү реестри санариптештирилип, пробация иштери Башкы прокуратуранын көзөмөлү астында жүргүзүлүп келүүдө.
Сот системасын реформалоонун негизги багыттарынын бири - абактагы адамдардын санын кыскартуу болгондуктан, бул максатта альтернативдик чаралар кеңири колдонулуп, айыпталган жарандарды коомго кайра кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө абактагы жарандардын саны 20 пайызга кыскарды. Ошондой эле кайталанма кылмыштардын деңгээли 1 пайызга да жеткен жок.
Бул ыкма соттолгон жарандарга өз чөйрөсүнө кайтып келүүгө, үй-бүлөсүнүн жанында болууга жана жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул процессте психологдор да маанилүү ролду ойношууда. Алар жарандарга колдоо көрсөтүү менен катар, талдоо жүргүзүп, пробациядагы адамдардын социалдык адаптациясын баалоого жардам беришет. Алардын ишинин жыйынтыгы менен пробациядагы жарандардын жумушка орношкон учурларына күбө болуп жатабыз.
Алгач пробация жеңил кылмыштарга карата гана колдонулса, 2021-жылы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде айрым оор кылмыштарга да колдонулуп келе жатат. Конкреттүү иштин мүнөзүнө жараша пробацияны колдонуу маселесин сот чечет”,-деди директор.