Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон тоголок жетимдер үчүн убактылуу жашоо уюштурулгандыгы тууралуу маалымдалды.
Президент турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Ошондой эле алардын билим алуу жана келечектеги кесиптик пландары тууралуу сүйлөштү.
Баарлашуунун жүрүшүндө балдар президентке жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагерин уюштуруп берүү өтүнүчүн билдиришти. Алар окуу жылы бою мекемелерде болуп, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк аз экенин белгилешти. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөргө окууда жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, тыкандыкка, үнөмчүлдүккө жана тартипти сактоого чакырды. Ошондой эле сапаттуу билим алуунун жана коомдук турмушка активдүү аралашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.