Президенттин тапшырмасы. Жалал-Абадда 20дан ашык жаңы мектеп курулууда

Билим Загрузка... 25 Февраль 2026 17:10
2805577.53ec611b8d98272db1184b68c857cef9.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

2025-жылы Жалал Абад облусу боюнча жалпы 41 мектептин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктап, пайдаланууга берилген. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө облус аймагында аталган министрлик тарабынан 21 жаңы мектеп курулуп, 14 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алардын айрымдарына токтолсок, облустук көркөм сүрөт мектебинин, Жалал-Абад шаарындагы №14 мектеп-лицейинин жаңы имараты, спорт залы жана спорт аянтчасынын, Сузак районунун Миң-Өрүк айылында 750 орундуу мектептин курулуштары аяктап, пайдаланууга берилген. Андан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы эл аралык Скай (Кембридж) мектебинин курулушу бүткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча Бишкек, Ош жана Манас шаарларында окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир нече эсеге жогору. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, республика боюнча Жалал-Абад облусунда окуучулардын саны эң көп. 2024-жылга карата облустун жалпы билим берүү уюмдарында 291 миң 900 окуучу билим алышат. Ал эми окуучулардын саны боюнча экинчи орунда Ош облусу, андан кийин Бишкек шаары турат.

Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин эсебинен аталган үч шаарда 36 мектеп куруу тапшырмасын берген. Мында Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 10 жана Манас шаарында — 6 жаңы мектептин курулушу пландалып, этап-этабы менен ишке ашырылууда.

Жалал-Абад облусунда аталган министрлик тарабынан курулуп, оңдолуп жаткан 30га жакын мектептен тышкары, бүгүн Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталгандыгы кабарланды. Бул курулуштун алкагында Манас шаарында окуучулар үчүн 1 миң 300 орунду камсыздаган 3 мектеп жана 1 миң 200 орундуу кошумча корпустар курулмакчы.

Манас шаарында курулуучу бул объектилердин тизмеси:

  • Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Достук кичи көчөсү, 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
  • Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
  • Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү, 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
  • Спутник кичи шаарчасынын Р. Азизов көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
  • Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус;
  • Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев облуска болгон иш сапарынын алкагында Манаста курула турган социалдык объекттердин долбоорлору менен таанышып, тиешелүү тараптар менен жыйын өткөрдү. Жыйында тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана подряддык уюмдарга курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.

2024-жылы республикалык бюджеттен өлкөдөгү социалдык объекттерди курууга 11,6 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылы 15,5 млрд сом бөлүнүп, каржылоо көлөмү 33,6 пайызга өскөн. Ал эми мектепке чейинки жана жалпы билим берүү багытында 2024-жылы республика боюнча 100 мектеп, 45 бала бакча курулса, 2025-жылы 129 мектеп, 60 бала бакча курулган.

Жыйынтыктап айтсак, өлкө аймактарында мектептердин массалык түрдө курулушу, оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшү — билим берүү инфраструктурасын жаңылоого багытталган стратегиялык кадам болуп саналат. Бул аракеттер окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү менен билим сапатын жогорулатууга түздөн-түз өбөлгө түзөт. Мектеп, бала бакчаларды байма-бай куруу, мугалимдердин маянасын көтөрүү сыяктуу иштердин ырааттуу жүрүшү президент Садыр Жапаровдун билим берүү тармагын мамлекеттик саясаттын эң жогорку мааниге ээ болгон багыты катары карашын айгинелейт.