Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фондунун” имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу фонддун директору Эмилбек Орозбаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн имарат менен тааныштырып жатып билдирди.
Анын айтымында, борбор калаадагы Эркиндик бульвары 56 дарегинде жайгашкан фонддун кеңсесин оңдоо иштери 2026-жылдын июль айынын аягында башталып, жыл аягына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.
“Биз потенциалдуу инвесторлор менен иштейбиз, алардын көбү чет өлкөдөн келишет. Чынын айтканда, оңдоо иштерине чейин имарат талаптагыдай, өзгөчө ишеним жараткандай абалда эмес эле. Ошондуктан президенттибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кеңсебизде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз”, — деди ал.
Белгилей кетсек, имараттагы курулуш иштери аяктагандан кийин чатырына күн панелдерин орнотуу пландалууда.
“Биз “Жашыл энергетика фонду” катары "жашыл" энергетикага өтүүнү өзүбүздөн баштап, бул багытты үлгү катары көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан имаратыбыздын чатырына күн панелдерин орнотуу планыбыз бар”, — деп белгиледи фонддун директору.
Ал кошумчалагандай, оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө аяктаса, фонддун кызматкерлери жыл аягында убактылуу кеңседен жаңыланган имаратка көчүшөт.