Чек ара маселесинен улам турак жайсыз калган Лейлектин тургунуна жаңы үй берилди

Аймак 21 Июль 2026 15:30
751371245_1574767767350006_4017743409254843825_n (1).jpg
753933005_1574768607349922_6134857536606343576_n.jpg
751111361_1574768577349925_6136098213642474524_n.jpg
750775562_1574767760683340_1513742670884569938_n.jpg
752699301_1082061807502012_4760396664889432358_n.jpg
752924043_1574768617349921_4691949740870637032_n.jpg
752475074_1574768567349926_4204022437932524323_n.jpg
751447939_1574767804016669_1900298431863188587_n.jpg
750355801_1040752265017301_930796756896786922_n.jpg
Алдыга
Артка
751371245_1574767767350006_4017743409254843825_n (1).jpg
753933005_1574768607349922_6134857536606343576_n.jpg
751111361_1574768577349925_6136098213642474524_n.jpg
750775562_1574767760683340_1513742670884569938_n.jpg
752699301_1082061807502012_4760396664889432358_n.jpg
752924043_1574768617349921_4691949740870637032_n.jpg
752475074_1574768567349926_4204022437932524323_n.jpg
751447939_1574767804016669_1900298431863188587_n.jpg
750355801_1040752265017301_930796756896786922_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Лейлек районунун тургуну Ыхывал Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынан бардык шарты менен жаңыдан курулган турак үй тапшырылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, үйдүн ачкычын облус башчысы Мамыржан Рахимов тапшырды.

Белгилей кетсек, Ыхывал Абдувалиева жана анын үй-бүлөсү Тажикстандын жарандары болгон. Алар 2016-жылдан баштап кыргыз жарандыгын алып баштаган. Тажикстанда алар жашаган турак үй Ыхывал Абдувалиеванын кайненесинин атына катталган.

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында айрым аймактар алмашылып, Абдувалиевалар жашаган үй Тажикстандан Кыргызстанга өткөн.

Мындай учурда, мыйзамга ылайык Тажикстандан Кыргызстанга өткөн турак үйлөр үчүн тажик тарап жарандарды турак үй менен камсыздоосу керек.

Бирок Абдувалиеванын үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алып Кыргызстанда жашагандыктан турак үй ала алышкан эмес. Ошондуктан Бишкек шаарында батирде жашап жүрүп, маалымат каражаттары аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мындан улам аталган үй-бүлөнүн оор шартын эске алып, президент жергиликтүү бийликке үй менен камсыздоону тапшырган.

Эске салсак, Ыхывал Абдувалиева сыяктуу Лейлекте дагы сегиз үй-бүлө бар. Алар алдыда Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өткөн турак үйлөрдү бөлүштүрүү иштеринин алкагында турак жай менен камсыздалат.

Тажикстандан Кыргызстанга өткөн турак жайларды 2021–2022-жылдардагы чек ара окуяларында турак жайынан жабыркаган жарандардын экинчи үйлөрү катары бөлүп берүү макулдашылган. Бул боюнча министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынат. Чечимге ылайык, жеринде түзүлгөн комиссия тарабынан турак жайлар белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын айрым аймактарды алмашуусунун жыйынтыгында, Баткен облусундагы 259 турак үй Тажикстанга, ал эми Тажикстандын Согди облусундагы 214 турак үй Кыргызстанга өткөн.

Турак жайы Кыргызстандан Тажикстандын аймагына өткөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында жана Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында жалпысынан 257 турак үй курулуп, ээлерине тапшырылган.