Президент администрациясынын кызматкерлери "Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт" акциясына катышты

Экология 23 Октябрь 2025 15:00
photo_5463320236305544588_y (1).jpg
photo_5463320236305544597_y.jpg
photo_5463320236305544596_y.jpg
photo_5463320236305544595_y.jpg
photo_5463320236305544594_y.jpg
photo_5463320236305544593_y.jpg
photo_5463320236305544592_y.jpg
photo_5463320236305544591_y.jpg
photo_5463320236305544590_y.jpg
photo_5463320236305544589_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5463320236305544588_y (1).jpg
photo_5463320236305544597_y.jpg
photo_5463320236305544596_y.jpg
photo_5463320236305544595_y.jpg
photo_5463320236305544594_y.jpg
photo_5463320236305544593_y.jpg
photo_5463320236305544592_y.jpg
photo_5463320236305544591_y.jpg
photo_5463320236305544590_y.jpg
photo_5463320236305544589_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрда Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата президенттин администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты.

Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана президенттин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү.

Акция Кыргызстандын туруктуу өнүгүү идеяларына жана жаратылышка аяр мамиле жасоого берилгендигин күбөлөндүрүп турат. Катышуучулар сейилдеп, ак илбирсти коргоо менен биз келечек муундар үчүн жашоонун, тең салмактуулуктун жана шыктануунун булагын сактап каларыбызды эске салышты.

Президенттин администрациясы өлкөнүн бардык жашоочуларын жана Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү досторун тоолорубуздун сакчысынын жана адам менен табияттын ортосундагы гармониянын символунун урматына 23 мүнөттү кыймылга - сейилдөөгө, чуркоого же каалаган башка активдүү аракетке арноого чакырат.