Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Исхак Масалиев президенттик кызматка талапкер катары катталуу үчүн керектүү кол топтоду. Бул тууралуу электрондук кол топтоо системасынын маалыматтарында көрсөтүлгөн.
17-ноябрга карата анын талапкерлигин 30 миңден ашык адам колдоп, кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин талап кылынган колду азыркы президент Садыр Жапаров, ошондой эле өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер Сыймык Жапыкеев жана Аймен Касенов топтогон эле.