Президенттик балатыга Баткен облусунан 30 бала катышат

Аймак 17 декабрь 2025 16:06
Президенттик балатыга Баткен облусунан 30 бала катышат
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Баткен облусунан 30 бала, 2 коштоочусу менен Баткен аэропортунан Бишкек шаарына учуп кетишти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, сапар алдында Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов балдар менен жолугуп, аларга ак жол жана ийгилик каалады.

Иш-чарага катышууга окуунун мыктылары, өзгөчө ийгилик жараткан окуучулар жана камкордукка муктаж балдар тандалып алынган.