Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 09 Июнь 2025 10:40
1303973.1a1b2f7e019052bbb504d185ee006ea3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле президенттин тескемесине ылайык Калчакеева Айгүл Муратовна президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.