Президент жана парламент ийри отуруп, түз кеңешип. Түз диалог өлкө үчүн маанилүү

Пикир Загрузка... 11 Март 2026 17:15
650831855_1497052035762759_8513940481217315352_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады. Андан соң парламент менен президенттин түз диалогу орун алып, өлкө башчысы депутаттардын коомдук-саясий, экономикалык маселелер боюнча бир катар суроолоруна жооп берди.

Президент менен диалог түз эфирде ачык-айкын болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов “Кабар” агенттигине билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, президент Садыр Жапаров менен депутаттардын түз баарлашуусунда ар бир маселени жеринде талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле маалда депутаттар мамлекет башчысынын оозунан так-даана, ынанымдуу жоопторду ала алышты.

648753303_1241851808128039_6357108752152963896_n

“Кыргыз элинде “ийри отуруп, түз кеңешип” деген жакшы сөз бар. Бул ирет президент менен жолугушуу суроо-жооп иретинде болду. Депутаттар коомубуздагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Анын ичинде жөлөк пул берүү тартибин кайра карап чыгуу, ипотека, сот ишинин көз карандысыздыгы, УКМКнын буга чейин аткарган ишин карап чыгуу маселелери боюнча, деги эле коомубуздагы кызыктырган суроолор берилди. Ага мамлекет башчысынын оозунан так-даана ынанымдуу жооптор алынды. Мындай диалогдордун болуп турганы чындыгында жакшы, муну практикада колдонуп турса болот деп эсептейм”, - деди ал.

Ошондой эле Улан Примов өлкөнүн экономикалык өсүшүнө парламенттин түздөн-түз тиешеси бар экенин, мындан ары да аткаруу бийлиги менен биргеликте ишти улантуу зарыл экенин айтат.

651171799_1497051895762773_8256641231484389189_n

“Парламент мыйзамдарды өз убагында карап, кабыл алып, аткаруу бийлиги менен бир ыргакта иштеп жаткандыктан, өлкөнүн өнүгүүсүндө оң жыйынтыктар болуп жатат деп айтсак жаңылышпайбыз. Президент да туура айтып өттү. Мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлиги ар бир маселеде биринчи кезекте мамлекетибиздин, жалпы элибиздин кызыкчылыгын эске алып иш алып баруу керектигин белгиледи. Биз депутат катары бир шайлоо округу боюнча гана чектелбестен, мамлекетибиздеги, элдеги олуттуу көйгөйлөрдү, мамлекетибиздин өзгөрүшүнө туура багытты бере турган сунуштардын, мыйзам долбоорлордун үстүндө иштегенибиз туура”, - деди эл өкүлү.

Президентти да, парламентти да эл шайлаган. Мындан улам алар элдин атынан сүйлөп, элдин пикирин талкуулай алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты Кемел Ашыралиев билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү мыйзам чыгаруу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө ишинен тышкары, элдин үнүн жеткирүү, тышкы жана ички маселелер боюнча өз пикирин билдире алат. Ал эми президент Конституциянын гаранты катары Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштешип, байланышта болуп турушу маанилүү.

NazarNews_124329714679000692312992162501517211546
"Бүгүн президент менен Жогорку Кеңештин түз диалог курушу абдан туура деп ойлойм. Мамлекетти өнүктүрүүдө көп маселелерди талкуулоого зарылдык да жаралат. Ошондуктан президент менен депутаттардын ортосунда мындай талкуулар керек. Анда ички жана тышкы саясий, экономикалык, элдин турмушун жакшыртуу боюнча маселелер каралышы кажет. Бат-баттан мындай жолугушуулар уюштурулуп турушу шарт", — деген оюн айтты Кемелбек Ашыралиев.

Ошол эле маалда Кемелбек Ашыралиев президентке депутат катары суроо берүү мүмкүнчүлүгү жаралганда, жогорку трибунадан айтыла турган маселе орчундуу болушу керек деген ойдо.

Анткени эл арасында депутаттардын көтөргөн маселелери, кээ бир учурлардагы жүрүм-туруму эл өкүлүнүн деңгээлин далилдеп коюп жаткандыгы айтылууда.

650149664_1497051579096138_4729017952368436856_n
"Тажрыйбалуу, билимдүү, көп жылдардан бери иштеп жүргөн, бир тармакты башкарган же болбосо маанилүү кызматтарда иштеген, экономиканы да, тышкы саясатты да түшүнгөн депутаттар бар. Кээ бир жаш депутаттар айрым учурларда элге жакпаган суроолорду берип калышат. Алар өзүнүн деңгээлине жараша маселе көтөрүп калганда, ал жалпы элге жакпай калышы мүмкүн. Президент жалпы эл, мамлекет үчүн жооп бере турган жетекчи болгондуктан, депутаттын деңгээли кандай экенин байкайт жана ошого жараша суроосуна жооп берет. Мындан улам майда-барат суроолорду эмес, олуттуу, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн маселелер көтөрүлүшү керек", — деп белгиледи Кемелбек Ашыралиев.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекет үчүн гана ынтымакта иштөө керектигин белгилеп, антка жана элге берген убаданы аткаруу маанилүүлүгүн эске салды.