Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” деген сөз бар. Арабыздан эрте кетип, артына өчпөс из калтырган залкар инсандардын эмгеги элдин эсинде. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы дин илими менен агартуучулукту айкалыштырып, элдин жүрөгүнөн орун алган Чубак Жалиловго жана “ырдын пири” аталган Рыспай Абдыкадыровго жогорку мамлекеттик сыйлыктар алардын жакындарына тапшырылып жатканын белгиледи.
“Бүгүн алардын жакындарына сыйлыктарын тапшырабыз. Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө, ал эми жасаган эмгектери кыргыз тарыхына алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды”, - деди мамлекет башчысы.