Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга келди

Президент 1883 31 Март 2025 10:03
DOS_6481.jpg
DOS_6354.jpg
DOS_6355.JPG
DOS_6431.JPG
DOS_6480.JPG
DOS_6481.JPG
DOS_6584.JPG
DOS_6625.JPG
DST_9055.JPG
DST_9066.JPG
DST_9245.JPG
YOR_6489.JPG
Алдыга
Артка
DOS_6481.jpg
DOS_6354.jpg
DOS_6355.JPG
DOS_6431.JPG
DOS_6480.JPG
DOS_6481.JPG
DOS_6584.JPG
DOS_6625.JPG
DST_9055.JPG
DST_9066.JPG
DST_9245.JPG
YOR_6489.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Тажикстандын Худжанд шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Худжанд эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Худжанд шаарынын Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, ардак кароол тизилди.

Улуттук кийимчен кыздар Кыргызстандын президентин тосуп турушту. Андан кийин мамлекет башчылары үчүн кыскача концерттик программа тартууланды.

Сапардын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын үч тараптуу саммитин өткөрүү пландаштырылууда, анын негизги максаты Үч өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюу, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө мындан аркы кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттеринин Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусу менен онлайн форматта мамлекеттик чек аралар кесилишкен чекитинде орнотулчу стеланын (мемориалдык такта) ачылыш аземине катышат.