Президент реформаларды координациялоону юстиция министрине жүктөдү

Президент Загрузка... 31 Декабрь 2025 09:50
9a616dc0-6e15-4906-_GbftjA6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында башталган реформаларды улантуу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

1.Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана административдик процесстерди оптималдаштырууга багытталган чараларды андан ары иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылсын.

2.Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркуловичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлсүн, ага 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилсин.

3.Баетов Аяз Батыркулович айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун кызмат ордунан бошотулсун.

4.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1). Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгы;

2). Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 269 “Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыгы.

5.Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.