Президент Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушун жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды

Президент 1170 12 Апрель 2026 20:40
669068972_1525927082875254_2970966005299737751_n.jpg
668271546_1525927129541916_1220697658898931470_n.jpg
669583095_1525927089541920_6414138969208582472_n.jpg
670171483_1525927162875246_8848074183314148531_n.jpg
671873263_1525927132875249_8818740561726991434_n (1).jpg
Алдыга
Артка
669068972_1525927082875254_2970966005299737751_n.jpg
668271546_1525927129541916_1220697658898931470_n.jpg
669583095_1525927089541920_6414138969208582472_n.jpg
670171483_1525927162875246_8848074183314148531_n.jpg
671873263_1525927132875249_8818740561726991434_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына учурда жолдун тилкесин кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев долбоордо тротуарлар жана велосипед жолу да каралганын айтты. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рельефтик шарттары ылайык келген жерлерде ортосуна бөлүүчү тосмо коюлат. Ошондой эле жолдун бүткүл узундугу боюнча жарыктандыруу орнотулат.

Трассанын бул бөлүгүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Төрт тилкелүү жол өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатып, тыгындарды азайтып, жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

Бул өз кезегинде Кара-Суу районунун транспорттук каттамдарын жакшыртат, ошондой эле шаарлар жана региондор аралык жүк жана жүргүнчү ташуу процессин тездетет.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышкан Садыр Жапаров тиешелүү министрликке бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде жолдун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү, ошол эле учурда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.