Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Өлкөдөгү өнүгүүлөр жети дубанда тең мындан ары да уланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөдөгү иш-аракеттердин баары аймактарды өнүктүрүүгө жасалган кадамдар болуп саналат.
“Өнүгүү – адам өзүнүн күнүмдүк жашоосунда оң өзгөрүүнү сезгенде гана чыныгы маанисине ээ болот. Элибиздин турмушун жеңилдетүүгө, жакшыртууга багытталган мындай өзгөрүүлөр жети дубаныбызда тең, тынымсыз уланууда жана мындан ары да уланууга тийиш! Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды. Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгужолубузга кайта баштадык. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз”, - деп айтты өлкө башчысы.