Кызыл-Кыяга өзүнчө бир келип кетейин – Садыр Жапаров

Аймак 13 октябрь 2026 11:11
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын депутаты президент Садыр Жапаровдон шаарга келип кетүүнү жана таза суу маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу ал мамлекет башчысынын Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Депутаттын айтымында, акыркы 35 жылда Кызыл-Кыяга бир дагы президент келген эмес. Ошондой эле анын белгилешинче, шаардагы мектептер оңдоп-түзөөдөн өтпөй, жаңы мекемелер курулган эмес.

Президент Садыр Жапаров шаарга өзүнчө келип кетерин айтып, таза суу маселесин чечүү боюнча тапшырмалар берилгенин белгиледи. Ошондой эле мектептердин абалын текшерүүнү тапшырды.

“Кызыл-Кыяга мен өзүнчө бир келип кетейин”, — деди мамлекет башчысы.