Президент Кызыл-Кыя эли менен жолукту: Шаардагы суу көйгөйү чечилет

Аймак 12 октябрь 2026 15:10
Президент Кызыл-Кыя эли менен жолукту: Шаардагы суу көйгөйү чечилет
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация көйгөйлөрүн чечүү үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин каржылоо булактары изделет. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда президент Садыр Жапаров шаар жана Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы суу менен камсыздоо жана канализация маселелери шаардагы негизги көйгөйлөрдүн катарында калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, тиешелүү документтер даярдалгандан кийинки этапта долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары изделет.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарында иш сапары менен жүрөт.