Бишкек, 06.01.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасында өлкөгө Түркия өлкөсүнөн “Байрактар” жана “Акынжы” учкучсуз учуучу аппараттар кантип алынгандыгы тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, даректүү тасманы журналист Айбек Бийбосунов тартып, анда Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүшкөн.