Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургунунун чек ара жаңжалы учурунда каза болгон уулунун ысымын медициналык мекемеге ыйгаруу жана анын курулушун аягына чыгаруу боюнча тапшырма берди.
Бул маселе мамлекет башчысынын Баткен районунун жана шаарынын тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.
Тургундун айтымында, анын уулу чек ара заставасындагы жаңжал учурунда каза болгон. Айыл өкмөтү медициналык мекемеге уулунун ысымын берүү боюнча чечим кабыл алган, бирок имараттын курулушу аягына чыкпай келген.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш иштери ноябрь айында аяктай турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, медициналык мекемеге каза болгон жоокердин ысымын ыйгарууну тапшырды.