Президент Айтматов жана Манас райондорунун өнүгүүсү менен таанышты

Президент
886810555_2269181714476591_3519965992416594938_n.jpg
884930231_977556594929020_6510109612283199180_n.jpg
873140858_989067024253044_4765108147429664735_n.jpg
886607929_1747181706389583_4351624936538698488_n.jpg
886844001_2645829672512428_5255022126581070641_n.jpg
885721416_968429115994808_247635000786864917_n.jpg
Алдыга
Артка
886810555_2269181714476591_3519965992416594938_n.jpg
884930231_977556594929020_6510109612283199180_n.jpg
873140858_989067024253044_4765108147429664735_n.jpg
886607929_1747181706389583_4351624936538698488_n.jpg
886844001_2645829672512428_5255022126581070641_n.jpg
885721416_968429115994808_247635000786864917_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткени маалымдалды. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомду түздү. Жыл жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.

Муну менен катар, акыркы беш жылда райондо тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн: 2021-жылдагы 530 млн сомдон 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 1,05 млрд сомго жеткен.

Каралып жаткан мезгил аралыгында райондо 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган. Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Жол жана ирригациялык инфраструктурада олуттуу иштер жүргүзүлгөн: 61 км жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген, Сарымсак каналын оңдоо иштери уланууда. Жети айылда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Муну менен катар, райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу милдеттери белгиленди. Алардын катарында наркы 180 млн сомду түзгөн калкты тейлөө борборун куруу жана 300 млн сом каралган айылдык калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо бар.

Андан ары мамлекет башчысы Манас районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Алсак, райондун мамлекеттик бюджетинин көлөмү өсүшүн улантууда: 2021-жылы 83 млн сомдон ашып, 2022-жылы 80 млн сомду түзгөн. Кийинки жылдары бюджеттик көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү байкалган. 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин көлөмү 107 млн сомдон ашса, 2024-жылы 129 млн сомдон ашуунду түзүп, ал эми 2025-жылы 195 млн сомдон ашкан. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин көлөмү 158 млн сомдон ашыкты түзгөн. Сунушталган болжолдуу маалыматтарга ылайык, жылдык көрсөткүч 208 млн сомдон ашык деңгээлинде болушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү кыйла өскөнү байкалууда. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 396 млн сомдон ашуун каражатты түзгөн. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 501 млн сомдон ашык болору күтүлүүдө.

Белгиленгендей, Манас районунда калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган 14 жаңы социалдык объектти куруу пландалууда. Пландалган объекттердин катарында 4 саламаттык сактоо мекемеси, 4 мектеп жана 6 бала бакча бар.

Мындан тышкары, бул жерде 400 млн сом суммасында инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылууда. Манас районун өнүктүрүү планынын алкагында калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган эки ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу каралган.

Биринчи долбоордо Семетей айылында калкты тейлөө борборун куруу камтылган. Долбоордун наркы 200 млн сомду түзөт. Экинчи долбоор Семетей айылында узундугу 47 чакырымды түзгөн таза ичүүчү суу берүү системасын курууга багытталган. Бул долбоордун наркы да 200 млн сомду түзөт.