Бишкек, 07.01.25 /Кабар/. Журналист Айбек Бийбосунов тарткан даректүү тасмада президент Садыр Жапаров кыргыз армиясынын 2021-жылдардагы абалы жөнүндө айтып берген.
Анын айтымында, ал мезгилдерде өлкөнүн аскердик техникасы өтө начар абалда болгон.
Белгилей кетсек, даректүү тасмада президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүшкөн.