Президент ЕБ өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсонду кабыл алды

Президент 1656 31 Январь 2025 17:10
475949020_1140738444727455_2807393816143559896_n.jpg
475761455_1140738538060779_5649757588820295972_n.jpg
475764039_1140738428060790_3675934161423231695_n.jpg
475883568_1140738441394122_5134076765715072894_n.jpg
Алдыга
Артка
475949020_1140738444727455_2807393816143559896_n.jpg
475761455_1140738538060779_5649757588820295972_n.jpg
475764039_1140738428060790_3675934161423231695_n.jpg
475883568_1140738441394122_5134076765715072894_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - элчи Мэрилин Йосефсонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы кыргыз-европалык өнөктөштүктү чыңдоого Мэрилин Йосефсондун кошкон олуттуу салымын белгилеп, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

“Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган демилгелериңиз, ошондой эле социалдык, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жаатындагы иш-аракеттериңиз олуттуу ийгиликтерге алып келди”, - деди Садыр Жапаров.

Ал Европа биримдиги Кыргызстандын ишенимдүү жана маанилүү өнөктөшү болуп келгенин, ал эми акыркы эки жыл эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө жемиштүү болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - элчи Мэрилин Йосефсон президент Садыр Жапаровдун кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын, анын лидерлигинин аркасында кыргыз-европалык мамилелер жаңы деңгээлге жеткенин баса белгиледи.

Ал геосаясий чакырыктарга карабастан, Кыргызстан эл аралык алакаларга карата салмактуу жана прагматикалык мамилени көрсөтүп жатканын айтып өттү.

“Мен бир маанилүү аспектке көңүл бургум келет. Кыргызстан - чакан өлкө жана ага геосаясий жактан көп күч-аракет жумшоого туура келет. Буга карабастан республика коңшулары жана алдыңкы дүйнөлүк державалар менен бекем мамиле түзө алды. Бул биз да үйрөнүшүбүз керек болгон баалуу тажрыйба”, — деген Мэрилин Йосефсон эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө ишенимин билдирди.

“Брюсселде сиздин ишенимдүү досуңуз бар экенин унутпаңыз”, - деп кошумчалап, ал Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык өз ара урматтоо жана ишеним принциптеринде мындан ары да өнүгө берээрине ишендирди.