Португалия энергетика тармагына 400 млн евро инвестициялайт

Дүйнө Загрузка... 29 Июль 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-07-29 at 15.46.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Португалия энергетика тармагына 400 млн евро инвестициялайт. Бул тууралуу Еuronews кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, Португалия өкмөтү улуттук энергетикалык системанын коопсуздугун бекемдөө боюнча планды ишке ашырмакчы. Документ үстүбүздөгү жылдын апрель айында өлкөдө электр энергиясы жапырт өчкөндөн кийин иштелип чыккан.

Португалиянын айлана-чөйрө жана энергетика министри Мария да Граса Карвальюнун айтымында, 400 млн евролук инвестиция алдыдагы үч жыл ичинде берилет.

"Биз өткөн окуялардан сабак алышыбыз керек. Мындан ары андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан биз баарына даярданышыбыз зарыл. Энергетикалык кризистен чыгып, анын кесепеттерин азайтышыбыз керек", - дейт ал.

Португалиянын энергетика тармагындагы негизги максаты башка өлкөдөн келе турган электр энергиясына болгон көз карандылыкты азайтуу болуп саналат. Ошондой эле Марокко менен энергетикалык байланышты түзүү жагы каралып жатканы айтылууда.