Польшадагы президенттик шайлоодо Навроцкий жеңип чыкты

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-06-02 at 09.01.58.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 02.06.25 /Кабар/. Польшадагы президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозициядагы “Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын талапкери Кароль Навроцкий 51% добуш менен жеңип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын 99,55% бюллетендери иштелип чыккандан кийинки маалыматка таянып Польша телеберүүсү билдиргенин Риа новости жазды.

Ал эми "Жарандык коалициянын" талапкери Рафал Тшасковский 49% добуш алды.

Кечээ кечинде Польшада президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча добуш берүү аяктады. Шайлоодон кийин жүргүзүлгөн Exit poll сурамжылоолору минималдуу артыкчылык менен Тшасковскийди 50,3% добуш менен алдыда деп көрсөткөн. Бирок бир нече сааттан кийин жарыяланган late poll маалыматтарында оппозициядагы "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын талапкери Кароль Навроцкий 50,7% добуш менен алдыда экени айтылды.

Экинчи турдагы расмий жыйынтык 100% бюллетендер эсептелгенден кийин – дүйшөмбү кечинде же шейшемби күнү жарыяланат.