Польша өткөн жылга салыштырмалуу 68 гектарга кичирейген

Дүйнө 30 июль 2025 10:10
Польша өткөн жылга салыштырмалуу 68 гектарга кичирейген
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 30.07.25 /Кабар/. Польша өткөн жылга салыштырмалуу 68 гектарга кичирейген. Бул тууралуу Польшадагы Борбордук статистика башкармалыгы (GUS) билдиргенин, Коммерсант агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, батыш Поморск аймагы чоң жоготууга учураган. Анын аймагы 35 гектарга кыскарган. Жалпысынан өлкөдөгү 11 аймак кыскарып, 5 аймак тескерисинче кеңейген.

Мындай өзгөрүү Балтика деңизинин жээгиндеги административдик чек аралардын жаңыртылышы менен байланыштуу экендиги айтылат. Атап айтканда, деңиздин базалык (баштапкы) чек ара сызыгы жаңыланып, ага ылайык айрым жээк аймактарында чек аралар кайра такталган.