Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектеген мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 04 Июнь 2025 17:30
New-Design-Hand-Use-LLDPE-Pallet-PE-Shrink-Wrap-Stretch-Film.avif
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, мыйзамды депутаттар Марлен Маматалиев, Элдар Сулайманов, Дастан Бекешев демилгелеген.

Мыйзам долбоору менен Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды.

"Бир жолу колдонулуучу пластик идиштер, ошондой эле полимердик пленкадан жасалган пакеттер ар түрдүү материалдардан (кайра иштетилүүчү/кайра иштетилбөөчү) даярдаларын эске алып, бул долбоордун 3-беренеси аркылуу полимерлердин кайра иштетиле турган касиеттерине таянуу менен, министрлер кабинетинин тиешелүү чечими боюнча жүгүртүлүүгө тийиш болгон полимер пленкадан жасалган жана бир жолу колдонулуучу пакеттердин тизмегин аныктоо сунушталат", - деди эл өкүлү.