Песков: Россия Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө даярданууда

Дүйнө Загрузка... 13 Май 2025 18:18
WhatsApp Image 2025-05-13 at 14.12.29.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Россия Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө даярдыгын кызуу улантууда. Жакында Россиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдө Россиянын атынан ким чыгаарын жарыялайт. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген.

“Россия тарап бейшемби күнү өтө турчу сүйлөшүүлөргө даярданууну улантууда”, - деп белгилеген ал.

Эске салсак, буга чейин Владимир Путин Украинага 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган. Буга жооп кылып Владимир Зеленский Москвада буга чейин кабыл алынгыс деп аталган шарттарды айтып, Россия 12-майдан тарта ок атышууну толук токтотууга макул болушун, андан кийин гана Киев сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр болушун билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп украин бийликтерин Путиндин Түркиядагы сүйлөшүү сунушуна дароо макул болууга чакырды. Кийинчерээк Зеленский Россия президентин 15-майда Түркияда күтөөрүн айткан.