Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Перу өлкөсүндө археологдор Америкадагы эң байыркы астрономиялык түзүлүштү табышты. Ал Күн менен Айдын кыймылын байкоо үчүн колдонулганы белгилүү болгонун РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, жаңы табылга Анкаш аймагында жайгашкан археоастрономиялык комплекстен табылган. Изилдөөчүлөр аны белгилүү Чанкильо обсерваториясынан 1000 жылга улуу деп эсептешет. Чанкильо болжол менен б.з.ч 250-жылдары курулуп, Америкадагы эң эски астрономиялык объект катары белгилүү.
Археолог Иван Гессинин айтымында, бул жерден табылган айрым курулуштар таш, чопо жана кышты колдонуу менен жасалган өзгөчө ыкмаларды көрсөтүп, Чанкильодон да эртерээк астрономиялык кызматты аткарган.
Жаңы табылган түзүлүш Күндүн гана эмес, Айдын кыймылын да каттай алган.
Чанкильо — Анкаш аймагында жайгашкан байыркы комплекс. Бул жерде байыркы чептин калдыктары, бөлмөлөр жана бири-биринен бирдей аралыкта катар тизилген 13 мунарадан турган күн обсерваториясы сакталган. Мунаралар күндүн чыгышы менен батышын так көрсөтүп, байыркы календардын милдетин аткарган.