Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. АКШнын Коргоо министрлиги Иракта аскердик миссиясын кыскартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Известия Reuters`ке шилтеме келтирип жазды.
Анда белгиленгендей, мындай кыскартуу өлкөлөр ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө өнөктөшүүгө байланыштуу экени айтылды.
Пентагондун маалыматы боюнча, АКШ Ирак менен коопсуздук өнөктөштүгүн түзүүнү көздөйт жана миссиянын кыскарышы "ИГИЛге каршы күрөштөгү ийгиликти чагылдырат".
Буга чейин АКШ бийлиги Ирактагы “Айн-аль-Асад” жана “Виктория” аскердик базаларын чыгарууну чечкенин белгилеген. 22-августта Ирактын батышындагы Анбар провинциясындагы “Айн аль-Асад” аскердик базасынан америкалык аскерлердин алгачкылары чыгып кеткен.
Эске салсак, 2024-жылдын сентябрында АКШ менен Ирак АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрүн өлкөдөн чыгаруу боюнча келишимге кол койгон. Америкалык ЖМКлардын билдиришинче, планга ылайык, аскерлердин бир бөлүгү Ирактан 2025-жылдын сентябрында, калганы 2026-жылдын аягына чейин чыгып кетүүсү керек.