Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Пекинде нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 44кө жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, РИА Новости кабарлайт.
Анда маалымдалгандай, суу ташкында 9 адам дайынсыз жоголду.
Буга чейин Пекинде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 30 адам каза болгону айтылган.
Эске салсак, 24-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Чаобай дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Миюнь суу сактагычына агып келген суу да көбөйгөн.
Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар мамлекеттик комитети суу ташкындан кийин Пекинди калыбына келтирүүгө 200 млн юань (27,8 млн доллар) бөлгөн.
Былтыр нөшөрлөгөн жаандан улам Пекинде 11 адам каза таап, 44 миңден ашык адам жабыркаган, 100 миңдеген адам эвакуацияланган болчу.