Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Пекиндин 80 миңден ашык тургуну нөшөрлөгөн жаандан улам көчүрүлдү. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук каналы кабарлаганын РИА Новости маалымдады.
Анда белгиленгендей, шаардын түндүгүндөгү Миюнь жана Хуайжоу райондорунун, ошондой эле түштүк-батышындагы Фаншань районунун жашоочулары көчүрүлдү.
Буга чейин узакка созулган нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Пекинде 30 адам каза болгону айтылган. Анын ичинде 28 адам Миюнь районунан, эки киши Яньцин районунан экени белгиленген.
Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар мамлекеттик комитети суу ташкындан кийин Пекинди калыбына келтирүүгө 200 млн юань (27,8 млн доллар) бөлдү.
Эске салсак, 24-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Чаобай дарыясындагы суунун деңгээли жогорулап, Миюнь суу сактагычына агып келген суу да көбөйгөн.
Өткөн жылы нөшөрлөгөн жаандан улам Пекинде 11 адам каза таап, 44 миңден ашык адам жабыркаган, 100 миңдеген адам эвакуацияланган.