Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Бүгүн Пекин шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын жетекчиси Сунь Мэйцзюнь менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер жана бажы жаатындагы өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Кытайга экспорттоочу товарлар боюнча, анын ичинде фасоль, жүн жана кашемир, тоок эти жана субпродуктулар боюнча кол коюлган протоколдордун мааниси талкууланды.
“Бул протоколдор маанилүү кадам болуп саналат жана биздин соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев эки өлкө арасындагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өзгөчө көңүл бурду. 2019-жылдан 2023-жылга чейин товар жүгүртүү дээрлик үч эсе өстү. 2023-жылы Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү 5433,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 31,6%га өскөндүгүн жана 2024-жылдын январь-ноябрь айларында да товар жүгүртүүсү 6,9% га өскөндүгү, бул эки тараптуу сооданын ийгиликтүү динамикасын көрсөтөт.
Министр ошондой эле жаңы протоколдордун маанилүүгүн айтып, анын ичинде кургатылган мөмөлөрдү, жемиштерди, көкдөндөрдү жана жаңгактарды, ошондой эле малдын терисин жана этин термикалык иштетүү боюнча протоколдорду кол коюуга кызыкдар экендигин билдирди. “Бул товарлар Кытай базарында чоң суроо-талапка ээ болоруна жана биздин экспортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганына ишенебиз”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле Кыргызстанга товарларды экспорттоонун потенциалын кеңейтүү жана сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы Кытайдын талаптарына ылайык келүү жөнүндө билимди жакшыртууга багытталган механизмдерди киргизүү маселеси да талкууланды.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кытайдын сертификациялоо органдарынын өкүлчүлүгүн Кыргызстанда ачуу сунушун киргизип, бул Кытайга экспорттоочу товарларды сертификациялоону жеңилдетүүгө жана рынокко кирүүнү камсыз кылууга жардам берет.
Жолугушууда ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында “Бедел” өткөрмө пунктунун курулушу жана жабдуулары боюнча маселелер да талкууланды, бул эки тараптуу соода жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Акырында Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө болгон ниетин баса белгиледи.
“Биздин биргелешкен аракеттерибиз эки өлкөнүн соодасын жана көптөгөн ийгиликтүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшөт, бул биздин өлкөлөргө жана элдерге пайда алып келет”, – деп билдирди ал.