Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Жасалма интеллекти илимде, жогорку билим берүүдө кандай пайдаланып, кантип ишке ашыруу багытындагы эки өлкөнүн ортосундагы илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум маанилүү мемарандумдардын бири деп эсептейм. Мындай пикирин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анан айтымында, мындан тышкары Кытай Эл Республикасы тарабынан айыл чарба, тоо-кен, медицина жана башка тармакта 10 илимий изилдөө долбооруна гранттык негизде Кытайдын илимий-изилдөө институттары жана университеттери биргеликте илимий-изилдөө долбоорлорду ишке ашыруу максатында протоколго кол коюлган.
“Менимче Кытай төрагасынын Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатындагы эң ири долбоорлордун бири болду деп эсептейм. Андан тышкары, кечээ И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Анын ичинде 200 млн сомго жакын каражатка 15 лаборатория камсыздалды. Бул жашыл энергетика жана тоо-кен тармагындагы Борбор Азиядагы илимий, билим берүү жана практикалык лабораториялардын бири деп эсептейм”,- деди Исаматова.
Эскерте кетсек, бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.
Анын ичинде жогорку билим берүү жана инновациялар багытында төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлган:
- КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол.