Кыргызстан менен Кытайдын укуктук кызматташтыгы талкууланды

Саясат 11 Март 2025 14:56
482326697_962275062758213_2939041510189774623_n.jpg
483922235_962278079424578_4079414513889833002_n.jpg
482808040_962278082757911_8258253384753758624_n.jpg
484026760_962275059424880_8735956600194654328_n.jpg
484114394_962275056091547_6734868314082184017_n.jpg
Алдыга
Артка
482326697_962275062758213_2939041510189774623_n.jpg
483922235_962278079424578_4079414513889833002_n.jpg
482808040_962278082757911_8258253384753758624_n.jpg
484026760_962275059424880_8735956600194654328_n.jpg
484114394_962275056091547_6734868314082184017_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык-укуктук кызматташтык жаатындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары жана анын мындан аркы өнүгүүсү талкууланды.

Тараптар өнөктөштүктүн оң жыйынтыктарын белгилеп, өзгөчө көңүлдү тажрыйба алмашуу жана окуу тренингдерин өткөрүү, прокуратуранын ишине заманбап технологиялар менен эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерине бурушту.

Башкы прокурор ишкерлердин укуктарын коргоонун жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, туруктуу укуктук чөйрө эки өлкөнүн экономикалык мамилелерин өнүктүрүүдө негизги фактор экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Кытайдын элчиси Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын мыйзамдуулукту чыңдоого, жарандардын жана ишкерлердин укуктарын коргоого, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган укуктук демилгелерин толугу менен колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тарап тең мындан аркы өнөктөштүккө жана укуктук кызматташтыкты чыңдоого биргелешкен күч-аракет жумшаларын белгилешти.