Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай жакырчылыкты кыскартуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, меморандум президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө КР Эмгек министрлиги менен Кытайдын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда түзүлдү.
Документке эмгек министри Равшанбек Сабиров жана Кытайдын айыл чарба жана айыл иштер министри Тан Жэньцзянь кол коюшту.
Меморандум теңчилик жана өз ара пайда көрүү принциптерине негизделип, жакырчылык менен күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатын көздөйт.
Тараптар ар түрдүү тармактарда, анын ичинде айылды өнүктүрүү тармагында тажрыйба жана билим алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кадрлардын потенциалын чыңдоо, ийгиликтүү Кытай практикасына негизделген Кыргызстанда жакырчылыктан чыгуу боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандын региондорунда жакырчылык менен күрөшүүнүн Кытай практикасын киргизүү жөнүндө макулдашышты.
Бул документ Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы перспективаларды ачат, бул жакырчылык маселелерин натыйжалуу чечүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.