Пекинде гуманоиддик роботтордун экинчи дүйнөлүк оюндары өтөт

Дүйнө 205 18 Август 2026 09:15
1776742172-1rho4bcm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Гуманоиддик роботтордун экинчи лүйнөлүк оюндары 22-26-августта Пекинде өтөт. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Ага ылайык, иш-чарага антропоморфтук машиналардын алдыңкы иштеп чыгуучулары жана өндүрүүчүлөрү катышат.

Мелдеште 51 дисциплина боюнча 1 301 таймаш пландаштырылган.

Бул жылы оюндарга 16 өлкөдөн 2 миң 56 робот жана 666 команда катышат. Өткөн жылга салыштырмалуу катышуучу командалардын саны 138 пайызга, ал эми роботтордун саны төрт эсеге көбөйгөн.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш реалдуу жашоо шарттарында өтөт жана өндүрүш, логистика, мейманкана индустриясы жана курулуш тармактарын камтыйт.