Бишкек, 30.04.26 /Кабар/. Кытайдын борбору Пекин шаарында чет өлкөлүк туристтер үчүн GO BEIJING аттуу бирдиктүү санарип платформа расмий түрдө ишке кирди. Бул тууралуу Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы долбоор туристтердин сапарын жеңилдетүү жана күнүмдүк кызматтарды жеткиликтүү кылуу максатын көздөйт. Платформа шаардык мекемелер жана Alipay төлөм сервиси менен биргеликте иштелип чыккан. Ошондой эле туризм, соода жана салык тармагындагы түзүмдөр да катышкан.
Alipay аркылуу колдонуучулар 16 тилде жеткиликтүү болгон 39 кызматты пайдалана алышат. Алардын катарына билет жана мейманкана брондоо, саякатты пландаштыруу жана жасалма интеллектке негизделген гид сыяктуу мүмкүнчүлүктөр кирет.
Мындан тышкары, “саякат капчыгы” функциясы иштейт. Ал аркылуу чет өлкөлүктөр эсептерин эл аралык которуулар менен толуктап, Кытай ичинде төлөм жүргүзө алышат. Бул кызмат 40 өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү.
Пекин чет элдик коноктор үчүн шарттарды жакшыртууну улантууда. Маселен, Beijing Capital International Airportжана Beijing Daxing International Airport аэропортторунда бирдиктүү тейлөө борборлору иштеп, анда 20дан ашык негизги кызматтар, анын ичинде финансылык жана транспорттук кызматтар сунушталат.
Адистердин айтымында, шаарга болгон кызыгуу визасыз режимдин кеңейиши менен да байланыштуу. Жыл башынан бери Пекиндин чек ара пункттарынан 7 миллиондон ашык адам өткөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,3 пайызга көп. Азыркы учурда Кытай 50 өлкө үчүн бир тараптуу визасыз режим киргизип, 240 сааттык транзиттик режимге кирген өлкөлөрдүн санын 55ке жеткирди.