Парламенттин аппаратындагы реформаларды тездетүү тапшырмасы берилди

Жогорку Кеңеш 852 23 Февраль 2026 13:35
image1.jpg
image10.jpg
image9.jpg
image8.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image10.jpg
image9.jpg
image8.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин аппаратынын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага жаңы дайындалган аппараттын жетекчиси Алмасбек Абытовду кызматкерлерге тааныштырып, анын 18 жыл Жогорку Кеңеште иш алып барган тажрыйбалуу инсан экенине токтолду.

Төрага Марлен Маматалиев Алмасбек Абытовдун тажрыйбасы реформаларды 1-2 айда аягына чыгарууга жана Аппараттын ишин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берерине ишеним артты.

"Кызматкерлер саясий оюндардан оолак болуп, ар ким өз ишин чоң жоопкерчилик менен аткарышы кажет. Бөлүнүүчүлүккө жол бербей, бардык депутатка бирдей кызмат көрсөтүлүшү зарыл. Биз мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүү менен санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл бурабыз. Ал үчүн кызматкерлерге карата кесиптик талаптар жогорулап, адистердин потенциалын көтөрүүгө басым жасайбыз", – деди ал.

Мындан тышкары, аппараттагы кадрдык өзгөрүүлөр иштин сапатын көтөрүүгө багытталганын белгиледи.

"Чыныгы кесипкөй адистер болсо көтөрүп, ал тургай башка мамлекеттик органдарга да жетекчилик кызматтарга сунуштайбыз. Биздин максат жөн гана алмаштыруу эмес, адистерди шыктандырып, алардын тажрыйбасынан пайдалануу", – деди төрага.

Өз кезегинде аппараттын жетекчиси Алмасбек Абытов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Төрага тарабынан коюлган тапшырмаларды толук аткаруу менен парламенттин алдыдагы өнүгүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырууга болгон күч аракетин жумшай турганын айтты.