Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Парламенттеги 90 депутаттын квотасынын 30у аялдарга берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов парламенттик угууда билдирди.
Улан Примов белгилегендей, сунушталып жаткан конституциялык мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөндөй, округдан шайланып келген үч депутаттын бирөө аял болот.
“Өлкө боюнча 30 округ түзүлөт. Парламенттеги 90 депутаттын ордунун ичинен 30ун гендердик квота менен аял депутаттарга берип жатабыз. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Анын экөөсү эркек, бирөө аял депутат болот”, - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтүүдө.