Парламентте тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңеш 6885 18 Декабрь 2025 15:25
597396434_1177084691271418_8146955588678427060_n.jpg
597388012_1177084604604760_1945436600666424702_n.jpg
597389545_1177084597938094_7999553482315160354_n.jpg
600281529_1177084491271438_5090217284997793146_n.jpg
600210206_1177084484604772_2120663309208218740_n.jpg
598963103_1177084377938116_2370072790323180115_n.jpg
Алдыга
Артка
597396434_1177084691271418_8146955588678427060_n.jpg
597388012_1177084604604760_1945436600666424702_n.jpg
597389545_1177084597938094_7999553482315160354_n.jpg
600281529_1177084491271438_5090217284997793146_n.jpg
600210206_1177084484604772_2120663309208218740_n.jpg
598963103_1177084377938116_2370072790323180115_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин маалымат кызматы

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жыйынында Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды.

Парламенттен билдиришкендей, депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагаларынын орун басарлары болуп шайланды:

  • Гульнара Акимбаева, Венера Салямова, Кубанычбек Самаков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
  • Чолпон Эсенаманова, Жылдыз Садырбаева, Ырысбек Атажанов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
  • Азизбек Турсунбаев, Умбеталы Кыдыралиев, Алишер Козуев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
  • Гүлшаркан Култаева, Болот Сагынаев, Санталат Аманова Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
  • Талайбек Масабиров, Бахридин Шабазов, Бакыт Чомоев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
  • Жумабек Салымбеков, Камила Талиева, Жаныбек Абиров Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
  • Сүйүнбек Өмүрзаков, Улукбек Узакбаев, Алтынбек Кылычбаев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
  • Гүлкан Молдобекова, Гүлнара Баатырова, Карыбек уулу Улукбек Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына.

Муну менен катар жыйында тармактык комитеттердин курамдары да бекитилип, бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.