Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жана мамлекеттик күзөт органынын ишин өркүндөтүүгө багытталган.
Андан тышкары, жыйында "2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда колдоого ээ болду.
Алсак, аталган мыйзам долбоору Алкактык макулдашуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Тагыраагы, анын жалпы суммасы 500 млн АКШ долларын түзөт.
Ошондой эле "2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы Кытай тарабынан Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жана "2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.