Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештеги талкуунун жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.
Ошондой эле 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жактырылды.
Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында аталган мыйзам долбоорлору каралып, Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду.
Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышып, эл өкүлдөрүнүн ар тармактуу суроолоруна жооп беришти.
Эскерте кетсек, күн мурда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору каралып, Жогорку Кеңештин комитеттери бул мыйзам долбоорлорун үч окууда колдошкон.