Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбооруна ылайык, демилгечилер негативдүү насыялык маалыматтарды сактоо мөөнөтүн 5 жылдан 3 жылга чейин, ал эми оң маалыматтарды сактоо мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунушташууда.
Ошондой эле 10 миң сомго чейинки суммадагы насыялар үчүн маалыматтарды сактоо мөөнөтүн бир жылга чейин белгилөө сунушталууда.